БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Депутаттар кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон жок.
© Фото / Жамиля К.Кызматтык батирден баш тартуу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары
![Результаты голосования по законопроекту об отказе от привилегий депутатами ЖК Результаты голосования по законопроекту об отказе от привилегий депутатами ЖК - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102659/19/1026591946_0:0:960:1280_600x0_80_0_0_691f0c3eb617b1b30f9bd12653375be9.jpg)
Кызматтык батирден баш тартуу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары
© Фото / Жамиля К.
Демилгени "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын депутаттары жазып чыккан. Ага ылайык, депутаттар кызматтык батирден баш тартуусу керек болчу.
Аталган мыйзам долбооруна 52 депутат "макул", 60 депутат "каршы" добуш берди.