БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмдун лидери Абу Бакр аль-Багдади жок кылынды. Мындай маалыматты РИА Новости Mirror агенттигине шилтеме кылып таратты.
Басылмалар ал чындыгында эле АКШ башчылык кылган коалициянын соккусунан өлтүрүлгөндүгүн тактап жатат. Mirror террорчулар менен байланышта болгон агенттиктерге чыгып, сураштырууда.
"Абу Бакр аль-Багдади орозонун бешинчи күнүндө Раккага жасалган аба соккусунан жан таслим болду", — деп айтылган агенттиктин маалыматында.
Өткөн аптада "Ислам мамлекетинин" башчысы аль-Багдади жана бир нече командирлери менен биргеликте Ирак-Сирия чек арасында абадан урулган соккудан жарадар болгондугу айтылган.
Абу Бакр аль-Багдади "Ислам мамлекетин" 2014-жылдын июнь айынан тарта жетектеп келет. Бул убакыт ичинде ар кыл маалыматтарга караганда мурда басып алган аймактарында ордун бекемдеп, террордук топтун мүчөлөрүн 50 миңден 200 миң согушкерге чейин жеткирген.