БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Токтогул районуна караштуу Толук айылында жолдо бараткан бир автоунаа сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кырсыктын айынан 33 жаштагы эки жаран көз жумган. Алардын жансыз денесин куткаруучулар суудан алып чыкты. Маалымат боюнча дагы бир 34 жаштагы киши изделип жатат.
Ал эми унаанын ичиндеги 28-29 жаштагы эки жүргүнчү аман калган.