БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге жакынкы мезгилге мелженген тышкы саясий иш-чараларга көрүлгөн даярдыктар тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Атамбаев жакында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалы кеңештин жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашуулар менен келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалыматты укту.
Атамбаев Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен жетишилген келишимдерди өз маалында аткарууну тапшырды.
Ошондой эле алдыдагы ири иш-чараларга сапаттуу даярдык көрүү жана өлкөнүн тышкы саясый ишмердигинин негизги багыттары боюнча ишти жандандаруу жагынан министрликке бир катар тапшырмаларды берди.