Иш-чарага Россия, Казакстан, Белоруссия, Молдоважана Тажикстандын премьер-министрлери, Азербайжан, Өзбекстан, Армения менен Түркмөнстандын вице-премьерлери катышты.
"Келечекте интеграциялык эки бирикме ортосунда толук кандуу эркин соода режимин киргизүүнү кароо мүмкүн деп эсептейбиз. Натыйжада өзгөчө экономикалык кыйын кырдаалда, биздин өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоого шарт түзүлөт", — деди өкмөт башчы Жээнбеков.
Андан сырткары Кыргыз премьери менен КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин сактап калуу зарылдыгын айтышты.
Отурумдун жыйынтыгында 17 документке кол коюлду.