Убактылуу өкмөт Ош жана Өзгөн шаарларында, Кара-Суу, Араван райондорунун аймагында чукул кырдаал жарыялап, коменданттык саат киргизди. Ош тополоңу жүздөгөн адамдардын канына забын болуп, миңдеген кишилер үйүнөн, мүлкүнөн ажырады.
Расмий маалыматтарга таянсак, бул капсалаңдан 442 адам каза болуп, 1,5 миңден ашуу киши жабыркаган. 10-июнда башталган топлоңду күч түзүмдөрү 14-июнда гана көзөмөлгө ала алган.
Бул кайгылуу окуяга кайдыгер карабаган кыргызстандыктар улутуна карабай өлкөнүн бардык аймактарынан гуманитардык жардам чогултуп, аны автокербен менен жөнөтүп турушту. Мындан сырткары, эл аралык коомчулуктар да көмөк көрсөттү.

Башаламандык учурунда кыйроого туш болгон Ош шаары

Ыктыярчылар Ош шаарынын чет-жакасындагы өз айылдарын күзөтүүдө

Чатырдын үстүндөгү бала Ош шаарынын көчөсүндөгү чыккан өрткө байкоо салып жатат

Шарк айылынын жашоочулары бузулган гараждын жанында, 16-июнь, 2010

Жалал-Абаддагы Навруз мейманканасынын имараты июнь окуялары учурунда өрттөнүп кеткен

Эне-бала Ош шаарында автобуста отурат

Дайынсыз жоголуп кеткен адамдын сүрөтүн кармаган туугандары. Ош шаары

Уулунун сөөгүн коёр алдында ыйлап турган эне, Ош шаары, 17-июнь, 2010

Оштогу мүрзөдө

Жоокерлер Ош шаарынын аэропортуна жакын аймакты кайтарууда

Ош ИИБдин башчысы Курсан Асанов элди тосмолорду алып салууга көндүрүүдө

Ош шаарына кире бериштеги блокпост

Ош облусунун Нариман айылына жакын жердеги кыргыз-өзбек чек арасынын күзөтчүсү

Жарандар бир нече чакырым аралыкка казылган аң аркылуу Өзбекстанга өтүп жатышат

Ошто гуманитардык жүктү таратуу

Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Оштун тургундары менен жолугушууда

Сураташтан качып келгендердин Ош шаарынын четиндеги лагери

Кыргыз жана өзбек аксакалдары тынчтык тилеп жатышат

Шарк аймагындагы үйлөрдү кайра калыбына келтирүү учурунан көрүнүш

Баш кошкон жаштар Ош шаарында милиция кызматкерлеринин жанында сүрөткө түшүүдө, 9-октябрь, 2010
