00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Реконструкция Ботанического сада и зачем там футбольные поля?
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБ шартында көмүскөдөн мыйзамга: кыргыз тигүүчүлөрү жаңы талаптарга кантип ыңгайлашууда?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эмгек укуктары кандай корголуп жатат? — Кесиптик бирликтер федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарды
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тамак-ашка уулануу: кооптуулугу жана биринчи жардам
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы: сууну үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатабы?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
On air
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Дүйнөдөгү мунайдын атаандашы сейрек кездешүүчү металдар: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн запастары жана мүмкүнчүлүктөрү
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы: сууну үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатабы?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутаттар мамлекеттин карыз алуусуна чектөө койгон мыйзамды жоюп салышы мүмкүн

Жазылуу
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети ички дүң продукцияга карата мамлекеттик карыздын 60 пайыздык чегин алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мамлекеттик карыздын суммасы 60 пайыздык чектен ашып кеткендигине байланыштуу карыз алууга коюлган чектөөнү алып салуу боюнча мыйзам долбоор иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңештин комитетинде жактырылды. 

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бюджет мыйзамдары иретке келтирилди
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын мамлекеттик карызы тийиштүү чектен ашып кеткендиги тууралуу өкмөт билдирген. Талапка ылайык, мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керек болчу. 

Бирок 31-мартка карата Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллион 646 миң АКШ долларын же былтыркы ички дүң продукциясынын 60,3 пайызын түзгөн. 

Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Зиядин Жамалдиновдун билдиргенине караганда мындай кадам аргасыздан жасалып жатат. 

"Кыргызстан чыгарган жалпы товарлардын наркына карата карыз алуунун 60 пайыздык чектөөсүн алып салуу мамлекеттик карыздардын көлөмүнүн чектен ашып кеткендигине байланыштуу болуп жатат. Аны мыйзамдаштыруу үчүн аталган мыйзам долбоор сунушталып, ал экинчи окууда комитет тарабынан жактырылды", — деп билдирди Жамалдинов. 

Анын айтымына караганда мыйзам долбоорду колдобой коюуга арга жок. Себеби Кыргызстан насыя алууну токтотуп койсо гранттар бөлүнбөй калат. Ал эми өлкөдө бүтөй турган тешиктердин саны арбын. Алардын бардыгына каражат керек. 

"Буга чейин Жогорку Кеңеш бюджеттик кодексти кабыл алган. Андан тышкы карызга атайын чек коюлбай турганы көрсөтүлгөн. Жыл сайын бюджет кабыл алынып жатканда тышкы карыздын көлөмү гана бекитилмей болот. Бул документке президент кол койгон. Ал 2017-жылдын 1-январында күчүнө кирет", — деп билдирди Жамалдинов. 

Эгер 60 пайыздык чек алынып кала турган болсо 2017-жылга чейин башка чек коюлушу керек. 

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешов аталган мыйзам долбоорго каршы экенин билдирди. 

"Эгер чектөөнү алып салсак өкмөт карызга батып калат. Буга чейин энергетика менен жол курууга канча деген насыя алынды. Бирок каражат эффективдүү колдонулган жок. Ошондуктан 60 пайыздык чектөөнү кармап турган оң", — деп билдирди Бекешев. 

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорунда 60 пайыздык чектөө алынып эл аралык стандарт менен иштөө сунушталган. Эгер ал ишке ашып кетсе карыз алуунун чеги ички дүң продукцияга карата 90 пайызга чейин өсүп кетет. 

Ал эми Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздарды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков буга чейин чектөөсү жок эле иш жүрүп келгенин ырастады. 

"Мындай система 2014-жылдан тарта кирген болчу. Эгер өкмөт тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоор ишке ашып кетсе, такыр эле чектөө жок болуп калбайт. Чектөө сөзсүз болот. Бирок жыл сайын ар кандай пайыздык чектер өкмөт тарабынан сунушталып, парламент тарабынан бекитиле турган болот", — деп билдирди Сыдыков. 

Ал билдиргендей 60 пайыздык чектөө иш жүргүзүүгө бир аз кыйынчылыктарды жаратып келет. Чектен ашуу карыздын көлөмүнө эмес валютанын динамикасына байланыштуу болуп калган жагдайлар бар. Мисалы өткөн жылы улуттук валюта АКШ долларына карата 30 пайызга чейин баасы төмөндөп кеткен. 

Бул боюнча экономист Искендер Шаршеев дагы өз пикирин билдирди.

"Кичинекей, экономикасы жакшы өнүгө элек мамлекет карызды көбөйтүүдөн качыш керек. Болбосо Грециядай куурайт. Ошондуктан каршымын", — деп билдирди. 

Шаршеевдин айтымында, карыз алуу көлөмүн ИДПга карата 60 пайыздан ашырбоо керек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0