Кечээ, 8-июнь күнү Бишкекте "Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагы өттү. Анда 26 сулуу баш байге үчүн ат салышып, натыйжада Нурпери Акылова жеңүүчү болуп тандалды.
Иш-чараныны уюштуруучусу Амина Юсурованын айтымында, алдыңкы үч орунду алган кыздар эл аралык сулуулук конкурсуна катыша алат.
"Сынактын жеңүүчүсү рубинден жасалган таажы кийди. Конкурс таза өтүп, кыздарды 15 калыс баалады", — деди Юсурова.
Ушул эле сынакты былтыркы жылы Дайана Өмүралиева утуп алган.