БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жоюлганын аталган мекемеден билдиришти.
Тиешелүү буйрукка МСКнын төрагасы Замирбек Осмонов кол койду.
Бишкектик салык кызматынын бошотулган кызматкерлери борбордун райондоруна ишке орноштурулушат.
Мамлекеттик салык кызматын реформалоо бир нече этап менен жүргүзүлгөн. 2008-жылы биринчи этабында МСКнын облустук башкармалыктары, аларды аймактар аралык башкармалыктар кылып кайра уюштуруу менен кыскартылган. Экинчи этабында 2015-жылы аймактар аралык башкармалыктар жоюлуп, башкаруунун "район-борбор" болгон эки деңгээлдеги тутумуна өтүү ишке ашырылган.