БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Instagram баракчасына Ала-Арча капчыгайынын сүрөтүн жайгаштырды.
Медведев Бишкекке үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген.
Россиянын өкмөт башчысы баракчасына жарыялаган сүрөткө "Тянь-Шянь тоосунун боорунда" деп жазган.
Аталган сүрөт аз убакыттын ичинде 51,7 миңден ашуун адамга жаккан.