БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев расмий сапары менен Кыргызстанга келерин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Медведев КРдин президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугат.
Россиянын премьер-министри 7-июнда Бишкекте өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.