БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мэрия 6-8-июнда КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Бишкекте боло турчу жыйыны учурунда митингдерди Максим Горький атындагы паркта өткөрүүгө чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тийиштүү токтом чыгырган.
"Максим Горький атындагы паркта бир гана бул күндөрү эмес, калган башка убактарда дагы өткөрүүгө болот. Ал үчүн мэрияны жана күч органдарына маалымат берүү керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Мэрия шаар тургундарын коомдук тартипти жана мыйзамды сыйлоого чакырат.