БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Азербайжандын Баку шаарында КМШ өлкөлөрүнүн жаш окумуштуулар клубунун экинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу "Түндүк — Түштүк" борбору билдирди.
Иш-чара 6-июнь күнү болуп, анда социалдык тармактын коомго тийгизген таасири талкууланат.
Долбоор КМШ өлкөлөрүндөгү жаш окумуштуулардын башын бириктирип, тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.