БИШКЕК, 31-май — Sputnik. КР Улуттук банк эсепке алуу коюмун сегиз пайыздан алты пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.
Буга чейин көрүлгөн чаралардан улам өлкөдөгү инфляциянын деңгээли төмөндөгөн. Инфляциянын 2016-жылдын май айына алынган жылдык көрсөткүчү 0,2 пайыз болгон. Ал эми жыл башында анын деңгээли 3,4 пайызды түзгөн. Төрт айда биринчи жолу ички дүң продукция (ИДП) 4,9 пайызга түшкөн. "Кумтөр" алтын кен ишканасын эсепке албаганда ИДП өскөн эмес.
"Төмөнкү инфляциялык басымдын шартынан жана экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү жай болгондуктан Улуттук банк эсепке алуу коюмун эки пайызга төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул экономиканы өргө сүйрөйт", — деп айтылат маалыматта.
Эсепке алуу коюму — бул Улуттук банктын коммерциялык банктар үчүн бөлгөн зайым каражаттарынын баасы. Коюмдар канчалык жогору болгон сайын инфляция менен экономикалык өсүш ошончо төмөн болот. Төмөнкү коюм экономиканын өсүшүн шарттаганы менен каражаттын баасынын ылдыйлашына жол ачат.
Буга чейин 29-апрелде дагы коюмдар он пайыздан сегиз пайызга чейин төмөндөтүлгөн.