БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтө турган "Жаш кинематографисттердин шериктештиги" аттуу эл аралык киномектептин алкагында өтүүчү сынакка Кыргызстандан "Топурак" аттуу тасма катышат. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 30-майда башталып 3-июнда жыйынтыкталат. Ал эми кыска метраждуу тасмалардын жеңүүчүсү жашыруун добуш берүү аркылуу тандалмакчы.
Чыгармачыл семинарлардын жүрүшүндө эл аралык аренада таанымал болгон тасмалар талкууга алынып, иш-чаранын жыйынтыгы менен тартыла турган альманах-фильмдин сценарийи сунушталат.
Чолпонай Бөрүбаевага таандык "Топурак" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында тартылган.