БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстан жаштарынын гимни үчүн сынак жарыяланганын "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фондусу билдирди.
Маалыматка ылайык, сынак үстүбүздөгү жылдын 19-июнуна чейин жүрөт.
"Классикадан баштап рок стилиндеги эмгектердин баары кабыл алынат. Сынактын эшиги Кыргызстандын каалаган жараны үчүн ачык", — деп айтылат маалыматта.
Уюштуруучулар гимндин сөздөрү жаштарды жаңы бийиктиктерге умтултуп, ынтымакка чакырышы керектигин белгилеп, кемсинтүүчү сөздөр камтылбашы шарт экенин кошумчалайт.