00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Как улучшение породы скота помогает фермерам зарабатывать больше
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Что изменится в правилах изъятия земель и какие права получат собственники - объясняет юрист
10:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
12 жылдык билим берүү системасы - окуу китептерин басуу иши кандай жүрүүдө?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Туризмди өнүктүрүү фонду кандай ири долбоорлорду ишке ашырууда — тоо-лыжа кластери, иневстициянын агымы, майс-туризм
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садык Шер-Нияз Сариевадан экзамен алганда же "коломсок" менен "кирич" деген эмне?

Жазылуу
Белгилүү манасчы жана илимпоз Талантаалы Бакчиев депутаттын айткан Манасы Сагымбай Орозбаковдун варианты экенин айтып, сөздөрдүн маанисин чечмелеп берди.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигине тилчи башчы керек болсо "жаш башкаруучулар", "менеджерлердин толкуну" дегенди токтотолу. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Элвира Сариева Facebook баракчасына жазды. 

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку кеңеште өкмөттүн саатта кыргыз тилинин абалы талкууланып, Садык Шер-Нияз Сариевага "Манастын" саптарын айтып, түшүндүрүп берүүсүн өтүнгөн. Министр айым эл өкүлүнүн суроосун жоопсуз калтырган.

Шер-Нияз Сариевага:

"Коломсокко кол салып,
Колуна тартып ок чалып,
Киричине чалганча,
Коюп Манас кеткени", — деген саптарды түшүндүрүп берүүсүн суранган.

Сариевадан жооп болбогондон кийин депутат министр "Манасты" түшүнбөй жаткандан кийин башкага сын айтуу кыйын экенин айтып, ата-бабанын тилин билбөө чоң трагедия экенин белгилеген.

Свякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты
Министр айым анын жооп бере албай калышы "ушундан улам кыргыз тили өнүкпөй жатат" деген тыянак чыгарууга негиз бергенин айтат.

"Балким мен эпосту чечмелеп берүүгө кичине экзамен бере албай калдым окшойт (актануунун кереги жок деп ойлойм), бирок эгерде бизге Билим берүү жана илим министрлигине тилчи министр, Маданият министрлигине — ырчы, Мамлекеттик спорт агенттигине — спортчу министр керек болсо, анда "жаш башкаруучулар" жана "менеджерлердин толкуну" дегенди токтотолу…", — деп жазат Сариева.

Sputnik Кыргызстан бул саптарды чечмелөө үчүн белгилүү манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиевге кайрылып, түшүндүрмөсүн алды.

Манасчы депутаттын айткан "Манасы" Сагымбай Орозбаковдун вариантынан экенин айтты.

"Коломсок — бул ок салуучу буюм. Аны октук деп да коюшат. Ал эми "кирич" дегени, негизинен жаанын эки башын бириктирип туурасынан байлана турган жип. Ага жебе салынып кере тартылат. Бет маңдайындагы душманы ошентип мылтыгынан ок чыгаргыча, Манас аны коюп кетип атпайбы. Бул жерде Манас атабыздын шамдагайлыгы, эптүүлүгү жөнүндө сөз болуп жатат", — деди Бакчиев.

Бул сөздөргө филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев да түшүндүрмө берди.  

"Коломсок деп булгарыдан тигилген оозу кенен түбү кууш ок сала турган буюмду аташкан. Ал эми "кирич" деген жаага байланчу жип, дагы бир мааниси "адамдын табарсыгы" дегенди түшүндүрөт", — деп билдирди Мусаев.

Министр айымдын депутаттын берген суроосуна жооп бере албай калышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0