Сариев менен Исаев парламентте кайым айтыша кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Канатбек Исаев. Архив
Депутат Канатбек Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин отурумунда Канат Исаев Темир Сариевге бир нече курч суроолорун узатып, бурчка такады.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин отурумунда мурунку өкмөт башчы Темир Сариев менен депутат Канат Исаев кайым айтыша кетти. 

Темир Сариев: Атамбаев ишиме кийлигишкен эмес
Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңеште Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча маселе каралып жатат. Суроолорго жооп алуу үчүн жыйынга мурунку өкмөт башчы Темир Сариев, мурунку Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев жана анын мурунку орун басары Улан Уезбаев чакырылган. 

Отурумдун жүрүшүндө Сариев, Малабаев жана Уезбаевдер өз пикирлерин айтышты.

Андан соң ар бир фракциядан үчтөн депутат суроо берүүгө өтүшкөн. 

Депутат Исаев Сариевге бир нече курч суроолорун узатып, бурчка такады. 

"Эмне үчүн мурунку транспорт министри Малабаев орун басарын бошотуу боюнча жана сөгүш жарыялоо боюнча кайрылганда баш тарткансыз?" — деди Исаев. 

Темир Сариев Уезбаев тууганы же таанышы эмес экенин айтып, аны дасыккан адис атады.

"Мен бул жигит менен бир канча ирет иш-сапарларга барып, мыкты адис экенине күбө болдум. Шаарда өсүп, ачык сүйлөгөн бала. Жакшы иштегендерди эмнеге бошотом?" — деген жооп узатты. 

Ал ортодо Исаев "Эрнис Жунушалиев дегенди тааныйсызбы?" деген суроо узатты. 

Ал суроого Сариев "мен ал жигитти тааныйм. Бирок мамилем жок. Сизди да тааныйм. Бир жолу долбоорумду колдоп кой деп келгенсиз", — деп жооп берди. 

Анткен менен Исаев Сариевдин алдына барганын танып, кудай алдында ак экенин айтты. 

"Мен сизге барган эмесмин", — деди депутат. 

Сариев өз кезегинде анын "ГЭС боюнча маселени колдоп кой" деп келгенин кесе айтып, артыңызды байкап жүрүңүз деди. 

"Мени айыптай турган адам сиз эмессиз. Буга чейин кылган иштериңизди байкап жүрүңүз. Айта турган сөз менде да бар", — деди Сариев. 

Учурда ар бир фракциядан үчтөн депутат суроо берип жатат. 

Эскерте кетсек, Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча чыр чыгып, анын айынан Темир Сариев, Аргынбек Малабаев жана анын орун басары Улан Уезбаев кызматтан кеткен. Мында мурунку өкмөт башчынын айланасындагылар тендерде курулушту жүргүзүп жаткан компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн деп айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0