БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Эл аралык Евровидение-2016 ыр сынагында Россия, Азербайжан, Нидерланд, Венгрия, Хорватия, Австрия, Армения, Чехия, Кипр жана Мальтадан келген ырчылар финалга чыгышты.
Сынактын шарты боюнча жарым финалга "Ири бешилик" өлкөлөрүнүн ырчылары катышпайт. Алар — Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Испания болуп эсептелет. Мындан сырткары, өткөн сынакта жеңүүчү аталган өлкөнүн ырчылары дагы жарым финалга катышпастан, түз эле финалда ырдашат.
Экинчи жарым финал 12-майда өткөрүлсө, финал 14-майга белгиленди.
Евровидение-2016 10-14-май аралыгында Стокгольмдо өтүп жатат. Себеби өткөн жылы Швециянын белгилүү аткаруучусу Монс Сельмерлев "Баатырлар" аттуу ыры менен жеңүүчү аталган. Бул Швеция үчүн үч жылдын ичиндеги экинчи жолку жеңиш болуп эсептелет.