БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жети жана алты баланы тарбиялап өстүргөн энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" орден-медалдар менен сыйланат. Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Жарлыктардын негизинде КР Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы тарбиялаган 1902 эне — "Баатыр эне" ордени, алты баланы тарбиялаган 437 эне — "Эне даңкы" медалы менен сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө.
Энелер күнү президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.
Энелер күнүн майрамдоонун башатын, кыязы, байыркы Грециянын жашоочулары Зевс кудайынын энеси Реяга арнаган жаз майрамынан издесе болот. 1600-жылдан тартып Англияда Энелик жекшембини майрамдоо салты пайда болгон. Эл аралык энелер күнүн Анна Жервис демилгелеп чыккан. Ал 1907-жылы дүйнөдөн эрте кайткан өз энесин эскерүү катары энелердин урматына майрам өткөрүүнү сунуштаган. 1910-жылы Виржиния штаты биринчи болуп Энелер күнүн расмий майрам катары тааныган. Ал эми 1912-жылы Энелер күнүнүн Эл аралык ассоциациясы түзүлгөн.
Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул майрам түрдүү күндөрү белгиленет.