00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Create4 Design в Бишкеке: креативный бизнес КР обсудит ИИ, этику и новые профессии
08:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдөгү Run The Silk Road марафонуна 2000 киши катышат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМарафончулар. Архив
Марафончулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын өтүүчү марафондун катышуучулары 42 жана 21 чакырым аралыкты чуркап өтүшөт. Спорттук иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Быйыл бешинчи ирет өтө турган Run the Silk Road марафонуна эки миңден ашуун киши катыша турганын "Эл аралык марафон дирекциясы" коомдук уюмунун жетекчиси Максим Сим билдирди.

Жөө күлүк, Москвада өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чара 14-май күнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында өтөт. Марафондун катышуучулары 42 жана 21 чакырым аралыкты чуркап өтүшү керек. Ага бардык каалоочулар катыша алат.

Уюм жетекчисинин айтымында, марафонго бир нече айдан бери даярдык көрүлүп келет.

"Аптасына беш жолу машыгуулар өтүп, ага бардык каалоочулар катыша алды. Спортчулардын саны абдан көп болгону кубандырды", — деди Сим.

Буга чейин уюштуруучулар марафонго 800дөй киши катышып келгенин айтышты.

Эл аралык Run the Silk Road марафону 2012-жылдан бери өтүп келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0