БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Ажылык сапарга барчуларды каттоо иши 11-майда аяктай турганын муфтият билдирди.
Эртеңден баштап каттоо жүрүп жаткан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда зыяратчыларды каттоо иши токтойт.
Учурда каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп, жалпысынан 34 каттоо пункту иштөөдө.