БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жекшемби күнү Кыргызстанда күн күркүрөп, жаан жайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн күн 12 градуска чейин жылуу болсо, күндүз абанын температурасы 27 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 15, ал эми күндүз 29 градуска чейин жылуу болот.
Кыргызгидромет 9-майдан 11-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталып, катуу жаан жаай турганын эскертет.