БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында төртүнчү класста окуган кыз асынып калган. Бул тууралуу Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы мектептин директору Сүйөркул Байтоев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, окуя кечки саат 10дор чамасында болгон.
"Кыз атасынын сүрөтүнүн карап отуруп эле, сыртка чыгып кичинекей эле бакка кыйшайып, асынып калыптыр. Атасы былтыр каза болуп калган. Апасы бар, төрт бир тууган. Бул үй-бүлө үлгүлүү эле болчу. Кыз болгону балалык гана кылып койгон окшойт", — деди ал.
Байтоев кыздын апасы "эч кимге доом жок" деген тил кат жазып бергенин жана маркум кыз мектепте орто окуганын кошумчалады.
Учурда тийиштүү органдар окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча аракеттер көрүп жатат.