Ошто БУУ өкүлдөрү болочок ата-энелер мектеби менен таанышты

© Sputnik / Айша КамиловаОш шаарындагы болочок ата-энелер мектебинин ишмердүүлүгү менен БУУнун өкүлдөрү таанышты
Ош шаарындагы болочок ата-энелер мектебинин ишмердүүлүгү менен БУУнун өкүлдөрү таанышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин негизги максаты болочок ата-энелерди балалуу болууга даярдоо болуп эсептелет.

Ош, 5-май — Sputnik. Ош шаарындагы болочок ата-энелер мектебинин ишмердүүлүгү менен БУУнун өкүлдөрү таанышты. 

© Sputnik / Айша КамиловаОш шаарындагы болочок ата-энелер мектебинин ишмердүүлүгү менен БУУнун өкүлдөрү таанышты
1/2
Ош шаарындагы болочок ата-энелер мектебинин ишмердүүлүгү менен БУУнун өкүлдөрү таанышты
© Sputnik / Айша КамиловаМектептин негизги максаты болочок ата-энелерди балалуу болууга даярдоо.
2/2
Мектептин негизги максаты болочок ата-энелерди балалуу болууга даярдоо.
1/2
Ош шаарындагы болочок ата-энелер мектебинин ишмердүүлүгү менен БУУнун өкүлдөрү таанышты
2/2
Мектептин негизги максаты болочок ата-энелерди балалуу болууга даярдоо.

Үй-бүлөлүк медицина борборунун алдындагы мектептин инструктору Чынара Казакбаева келген конокторго мектептин негизги максаты болочок ата-энелерди балалуу болууга даярдоо экенин билдирди. 

"Бул жерде төрөт маалында атанын ролу тууралуу маалыматтар берилет. Ал эми тун баласын көргөн энеге ымыркайды туура багуу жолдору үйрөтүлөт", — деди Казакбаева. 

Ал белгилегендей жаш ата-энелердин бала багуу тажрыйбасы жок болгондуктан, алдын ала окутуу мектептеринин болушу маанилүү. 

"Учурда республика боюнча ар бир саламаттык сактоо уюмдары менен поликлиникаларда ушундай мектептер ачылып жатат", — деп кошумчалайт инструктор. 

Белгилей кетсек, БУУнун аткаруучу кеңешинин делегациясы Кыргызстанга биринчи жолу келди. Алардын курамына өзгөчө жана толук ыйгарымдуу элчилер, 18 мамлекетте иштеген ага дипломаттар кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0