БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. WhatsApp тиркемесине дагы үч функция кошулат. Бул тууралуу Phone Radar порталы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жаңыланган мессенджерде үн коштогон почта (колдонуучулар үнүн жаздырып, чалуу учурунда жөнөтө алат), кайра чалуу (алынбай калган чалуулар көз жаздымда калбаш үчүн программаны ачпай туруп эле кайра чалуу) жана ZIP-файлдарды (PDF, VCF, DOCX жана DOCS) ачкан функция кошулат.
Программанын жаңылануусу Android жана iOS платформасында ишке кирет.
WhatsApp программасынын видео чалуу кызматын качан киргизилиши азырынча айтыла элек.