Ал "Россия" кинотеатрынын жана "Айчүрөк" борбордук соода үйүнүн жанында бир убакта башталды. Ага Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана "Көчмөн" коомдук фондусунун жаш активисттери катышты.
Алар Эски аянтка жөө жүрүш жасап, жолду катар шаардыктарга Конституция боюнча каралган милдеттерин жана укуктарын түшүндүрүштү.
Быйыл өлкөнүн башкы мыйзамына 23 жыл толот. Ал 1993-жылы 5-майда "легендарлуу парламент" тарабынан кабыл алынган.