БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Токмоктук аялдардын бири 45 миң сомун тонотуп жиберсе, экинчиси бычакталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Токмокто эки аял эки башка убакытта кылмышкерлерден жабыркаган.
Маалыматта айтылгандай, жабырлануучунун баласы милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Ал 28-март күнү саат 14.00 чамасында Токмок шаарындагы үйлөрдүн подъездинин алдынан апасынын колундагы 45 миң сомду белгисиз жаран карактап кеткенин билдирген.
Ал эми 28-апрель күнү белгисиз жарандын колунан бычак жеген дагы бир аял милиция кызматкерлерине кайрылган.
Маалымат боюнча Искра айылында саат 16.30 чамасында мас абалындагы жаран себепсиз эле аялга кол салган. Арыздануучу токмок жеп, сөгүш угуп бычакталганын билдирген.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү 32 жаштагы жаран кармалды. Иштин материалдары тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөнү маалыматта белгиленет.