БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Май айынын биринчи жумасында аба ырайы жаанчыл болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы Кыргызгидрометке шилтеме берүү менен билдирди.
Жаан-чачын 30-апрелден 6-майга чейин маал-маалы менен жаайт. Ал эми тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. 2-3-майда өлкөнүн айрым бөлүктөрүндө жаан катуу жаайт.
Тоолуу аймактарга кар түшүп, жолдорго муз тоңот.
Ал эми 4-5-майда айрым аймактарда жамгыр жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт. Бишкекте 1-май күнү жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 8…10, ал эми күндүз 24…26 градуска чейин жылуу болот.