БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Электрондук кызматтар порталында дипломдун аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк жаралгандыгы тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Документтерди текшерүү рубрикасын www.e.srs.kg сайтынан тапса болот.
Азырынча базага 2004, 2005, 2009, 2011 жана 2013-жылдардагы маалыматтар киргизилди. Бардыгы болуп 162 миң документ каттоого алынды.
Билдирүүдө жакынкы аралыкта маалымат базасына дагы бир нече миң документ киргизилгени жатканы тууралуу айтылат.