БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Бурана айылына 26-апрелде жааган мөндүр дээрлик 2 миллион сомдук зыян келтиргенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу жаан аралаш түшкөн мөндүрдүн кесепетинен Бурана айылында 25,34 гектар соя, 2,20 гектар кызылча, 11,70 гектар кулпунайга зыянга учураган. Ал эми Дөң-Арык жана Алга айылдарында дагы айыл-чарба өсүмдүктөрү жабыркаган.
Аймактагы Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан Бурана, Алга, Дөң-Арык айылдарында мөндүр келтирген зыянды тактоо иштери жүргүзүлүп, материалдык чыгым 1 миллион 956 миң 836 сомду түзгөн.