БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Эл өкүлү Кенжебек Бокоев парламенттин жыйынына бир айда үч жолу келбей койгон депутаттардын маянасын 50 пайызга кыскартуу демилгесин көтөрүп чыкты.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык жыйынга себепсиз келбей калган депутаттардын айлыгы 10 пайызга кыскарат. Демилгечилер бул жаза аздык кылат деген пикирде.
Бокоев дарыгерлер, мугалимдер же башка кызматкерлер ишине келбей калса айлыгы кыскарарын айтып, депутаттарда да ушундай жаза колдонулушу керек деген ойдо.
"Бир айда парламенттин жыйынына эч себепсиз үч жолу келбей калган депутаттардын айлыгын 50 пайыз кыскартууну демилгелеп жатам. Анткени биз айлыкты салыктан түшкөн каражаттан алабыз. Бул практика бир гана бизде эмес, 900 жылдык тажрыйбасы бар Англиянын парламентинде да бар. Аларда бир гана маянасын кыскартып тим болбостон, добуш берүү укугун да алып коюшат. Бизде маянаны кыскартуу жетиштүү болот", — дейт Бокоев.
"Бизде комитет апта сайын жыйынга катышпаган депутаттардын кимиси жүйөлүү себептерден улам келбей калганын, кимиси жөн туруп катышпай жатканын карайт. Эгерде депутаттар жолугушууда, командировкада жүрсө же ооруп калса жүйөлүү себеп болуп саналат. Негизгиси кайда жүргөндүгү тууралуу справка алып келиши керек", — дейт эл өкүлү.
Кесиптешинин пикирин КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев колдоого алды.
"Бул демилгени кош колдоп колдойм. Эл үчүн иштейм деп келгенден кийин иштесин. Келбеген депутаттарга такыр эле маяна бербеш керек. Мурунку чакырылыштагы айрым депутаттар иштебей эле жүрүп акча ала беришкен. Кай бирлери абакта жатып айлык алышкан. Туура маселе көтөрүлүп жатат", — дейт Мискенбаев.
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев бул сунуш ишке ашса бизнесмен депутаттардан арылабыз деген ойдо.
Бишкек шаарынын тургуну Дастан Кадыров аталган демилге ишке ашпайт деген ойдо.
"Бул жөн гана өзүн пиарлоо. Муну менен маселе чечилбейт. Депутаттар келесоо эмес да. Кайда барса бир справка ала келип суудан кургак чыгат. Мектеп окуучулары жалган справка көрсөтүп жаткан заманда депутаттарга ал кеп эмес. Эгерде чындап эле маселени чечкиси келсе эл өкүлү башка жолун тапсын", — дейт Кадыров.
Буга чейин Россия, Украина, Армения өлкөлөрүндө ушундай көйгөй жаралып, ар кыл жазалар киргизилген. Мисалы Россияда Мамлекеттик Думанын депутаттары 30 күн милдетин аткарбаса мандатынан ажыратылат. Ал эми Украинда болсо Жогорку Раданын депутаттарына командировкага чыгуусуна чектөө киргизүү демилгеленип келет. Арменияда маселе көйгөйлүү бойдон калып келүүдө.