Бордюжа: террорчулук менен күрөшүүчү коалицияны тез арада түзсө болот

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүЖамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа. Архив
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы катчынын пикиринде террорчулукка каршы күрөшүү үчүн Россиянын айланасында ЖККУга мүчө өлкөлөр, Кытайдын айланасына ШКУга кирген өлкөлөр бириксе болот.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Терроризм менен күрөшө турган эл аралык коалицияны кызыкдар мамлекеттердин саясий эрки болсо, кыска аралыкта эле түзсө болот. Бул туурасында Коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа билдирди.

"Учурда биздин алдыбызда террорчулук менен күрөшүү керекпи же жокпу деген суроо турат. Иштин көзүн билгендер эмне кылышты түшүнүп турат. Маселе – кеңейтилген коалицияны кантип түзүү жана анын негизинде эмне кылуу керектигинде",— деди Бордюжа аталган иш-чарада сүйлөп жатып.

Боевики радикального движения Талибан. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Россия Афганистанды террорчулардан куткарууга даяр
Анын айтымында, бул маселе биринчи этапты түзүү менен чечилиши мүмкүн. Ал "БУУнун коопсуздук боюнча адистешкен катуу көзөмөлү алдында иш алып барган эл аралык уюмдардын өз ара кызматташкан тармагы" экендигин айтты.

"Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук уюму, Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюму, Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттердин ассоциациясы, Кариб бассейниндеги жана Түштүк Америка өлкөлөрүнүн уюму, Африка Кеңеши — булар өздөрүнүн аймактарында террордук топторго каршы жасала турган иштерди колуна алса болот", — деп кошумчалады Бордюжа.

ЖККУнун башкы катчысынын айтымында, эң кур дегенде аймактык деңгээлде террордук уюмдар боюнча бирдиктүү тизме түзүү зарыл. Муну менен тиешеси бар мамлекеттер ошол уюмдарды нейтралдаштыруу жаатында чараларды кабыл алмак. Бордюжа бул террор кооптуулугу менен күрөшүүдө өзүнө пайда издебей, кандайдыр бир жеке максатты көздөбөй иш алып барган мамлекеттердин ортосунда болушу зарылдыгын белгиледи.

"Мында Россиянын айланасында ЖККУга мүчө өлкөлөр, ал эми Кытайдын айланасына ШКУга кирген өлкөлөр бириксе, террочулукка каршы күрөшүүдө кыймылдаткычы болуп кете алмак. Мындай кадам аркылуу эң башкысы бардык мамлекеттердин саясий эрки менен кеңири коалиция түзүп жана кыска мөөнөттө террорчулукка каршы иштин майнабын арттыра алабыз ",— деди башкы катчы.

Буга чейин Россия ТИМи Афганистанды террорчулардан куткаруу боюнча Кабул менен конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин айткан жайы бары.

Жаңылыктар түрмөгү
0