Бразилияда саясий кризис — конгресстин депутаттары өлкө президентине импичмент жарыялады, ал эми Тажикстанда ЖККУ өлкөлөрүнүн "Издөө-2016" аттуу окутуулары өткөрүлдү.
Эквадордо катуу жер титирөөдөн 654 жаран ажал тапты, ал эми 12,5 миң адам жабыркады. АКШда болсо легендарлуу аткаруучу Принстин урматына эскерүү акциялары уюштурулду.
Кореяда кыздар менен эркектердин катышуусунда өткөн бодибилдинг боюнча ачык чемпионат аяктады. Кыргызстанда "Аскер шумкарлары-2016" аттуу авиациялык таймаш болуп өттү.
Бразилияда "Дүйнөлүк аборигендердин оюндары" аттуу олимпиада өткөрүлдү. Ал эми NASA космостук эң чоң көбүктүн сүрөтүн жарыялады.
Таиландда миңдеген буддист кечилдер Ват Пхра Дхаммакая чиркөөсүнө садака алуу үчүн чогулса, түштүк кореялык Йосу шаарында поезд жолунан чыгып кетти.

Чүй облусунда Куралдуу күчтөр башкы штабынын базасында "Аскер шумкарлары — 2016" авиациялык таймашы болуп өттү.

Чечен Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгү Түндүк уюлда окутуудан өтүштү. Буга алар бир жыл бою даярдык көрүшкөн. Полиция кызматкерлеринин тоңуп калбашы үчүн өзгөчө экипировка жана парашют системасы иштелип чыккан.

Палестиналык жаран Газа секторунун түндүк жагындагы көчөлөрдүн биринде кетип бара жаткан Хамас согушкерлерин карап турат.

Эквадордо катуу жер силкинүүдөн 654 жаран ажал таап, дагы 12,5 миң адам жабыркады. Ал эми 58 миң адамдын дайыны белгисиз болсо, 25 миңи үйүнөн тыш баш калкалоодо.

Түштүк Кореянын Йосу шаарында поезд жолунан чыгып кетти. Кырсыктан улам бир адам каза таап, сегиз жүргүнчү ар кандай жаракат алышты. Поезддин ичинде жалпы жонунан 23 жүргүнчү болгон.

АКШда легендарлуу аткаруучу Принстин урматына эскерүү акциялары уюштурулду. Ырчынын кичи мекени болгон Миннеаполис (Минесота штаты) шаарында миңдеген адамдар аянтка чыгышты. Принс 21-апрелде өз үйүндө көз жумган.

Бразилиянын парламентинин төмөнкү палатасынын 342 депутаты жекшемби күнү президентке жарыяланган импичментке добуш беришти. Акыркы чечимди жогорку палата кабыл алат. Ал үчүн 10 күн ичинде атайын комиссия түзүлмөй болду.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри эки жашар небереси Изабель менен. Климаттын глобалдык өзгөрүшү менен күрөшүү боюнча Париж келишимине кол коюлгандан кийинки учур.

Улуу Британиянын ханзадалары Уильям менен Гарри Pinewood Studios киностудиясынын аянтына баш багышты. Студияда "Звездные войны" тасмасы тартылып жаткан.

Кореяда кыздар менен эркектердин катышуусунда өткөн бодибилдинг боюнча ачык чемпионаттын катышуучулары. Таймаш фитнес-бикини категориясында да тартууланган.

Сочиде өткөн спорттук таймашта көркөм гимнастика боюнча Россиянын абсолюттук чемпиону катары Александра Солдатова таанылды.

Бостон марафонунда болгон террактыдан улам эки бутунан айрылган Селеста Коркоран финишке келген чуркоочуну тосуп алды (Бостон, АКШ). Иш-чарага 30 миңге жакын спортчу катышкан.

Таиландда миңдеген буддист кечилдер Ват Пхра Дхаммакая чиркөөсүнө садака алуу үчүн чогулушту.

Шэньчжэн көлүндө балык уулоого багыт алган кайык, Гуандун провинциясы (Кытай).

NASA эң ири космостук көбүктүн сүрөтүн жарыялады.

Шамалдын жардамы менен иштеген тегирмен Кампо-де-Криптанда (Испания) жайгашкан.

Тажикстанда ЖККУ өлкөлөрүнүн "Издөө-2016" аттуу машыгуулары өттү.

Бишкекте Жеңиш аянтынын алдында быйылкы мотосезондун ачылышы Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 100дөн ашык спортчулардын катышуусунда өттү. Сүрөттө Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.

Ханчжоу чай плантациясында (Кытай) телекөрсөтүүгө катышуу үчүн тандоо конкурсунун алдында жасалган йога машыгуусу.

Бразилияда өткөн Дүйнөлүк аборигендер оюну. Анда дүйнө элинин түпкү тегинин олимпиадалык оюндары болуп өттү.