00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Видео чуусу: Бектур Асановдун үнүн тактоо үчүн экспертиза жүргүзүлө элек

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOОппозиционер Бектур Асанов. Архив
Оппозиционер Бектур Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-мартта Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду УКМК кызматкерлери кармап кеткен. Алар 12-майга чейин камакка алынган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга камынган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган Бектур Асановдун видеодогу үнүн аныктоо үчүн атайын экспертиза дайындала элек. Бул туурасында Асановдун адвокаты Разак Ашымбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дастан Сарыгулов үй камагына алынды
21-мартта Интернетте Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев менен Бектур Асановдун бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүп жатат деген видеосу тараган. Видеодо алар бийликти басып алуунун жолдорун жана акчаны бөлүштүрүүнү талкуулашкан. Бирок оппозициянын өкүлдөрү аталган видео монтаж экенин билдиришкен. Аларга карата Кылмыш жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, 24-мартта Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду УКМК кызматкерлери кармап кеткен. Алар 12-майга чейин камакка алынган.

Ашымбаев ошондой эле экспертиза өткөрүү үчүн тийиштүү кызматтар Асановдун үнүн жаздырып алышканын кошумчалады. Андан сырткары, кылмыш иши туура эмес козголгону боюнча Башкы прокуратурага арыз менен менен кайрылганын белгиледи.

"Кылмыш иши туура эмес козголгон деп арыз менен тийиштүү жактарга кайрылдык. Азырынча жооп келе элек. Аны алгандан кийин кандай аракеттерди көрүү керектигин карайбыз", — деди ал.

Жактоочу андан сырткары Асанов өзүнө карата козголгон кылмыш ишин саясый куугунтук катары сыпаттап жатканын айтты.

Ашымбаев оппозиция өкүлү мыйзам чегинде каралган шартта кармалып турганын кошумчалады.
УКМК бул иш боюнча тергөө амалдарынан улам эч кандай түшүндүрмө бербей турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0