БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкектин "Ак-Бата" жаңы конушунда жашаган 29 жаштагы аялдын үйүнөн 1,2 килограмм нашаа табылганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда окуучунун сумкасынан баштык табылып, андан ширеңкенин 74 кутусуна салынган баңгизат алынган.
Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин (Баңгизатты даярдоо, сактоо, сатып алуу, ташуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган аял Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда ишке тиешелүү адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.