БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы 19-апрелде жылдын I кварталы боюнча брифинг өткөрөрүн билдирди.
Иш-чаранын алкагында 2016-жылдын I кварталында баңгизат менен күрөшүүгө багытталган ири масштабдагы эл аралык операциялар тууралуу маалыматтар берилет.
Жыйын Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Рафик Мамбеталиевдин катышуусунда өткөрүлөрү күтүлүүдө.