ӨКМ тик учак менен Чүй облусундагы дарыялардын нугуна байкоо салды

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Орто-Токой суу сактагычынын дарыя бассейндериндеги кардын калыңдыгын эсептеп чыгышты.

Негизинен байкоо Бишкек — Кара-Кужур — Восточный жана Суек — Бишкек багыттары боюнча жүргүзүлгөн.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузак: жер көчкүдөн жабыркаган аймакка электр энергиясы берилип, 2 үй-бүлө көчүрүлдү
ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин жетекчисинин орун басары Рыскелди Асанходжаевдин айтымында, мындай байкоо иштери акыркы 6 жылдан бери биринчи жолу жасалып жатат. Каражаттын тартыштыгынан мындай жумуштар аткарылбай келген.

Кардын калыңдыгын көрсөтө турчу рейкалар 60-70-жылдары бийик тоолуу аймактарга коюлган.

ӨКМ Токтогул жана Киров суу сактагычтарынын бассейндерине аэровизуалдык байкоо жүргүзүүнү пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0