БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Эртең ишемби күнү республика боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Ал эми Бишкекте жана Ош шаарларында абанын температурасы 28 градуска чейин ысый турганы белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, күн ачык болуп, шамалдын багыты өзгөрүлөт. Анын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.