БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов шаар тургундарын таза сууну үнөмдөөгө чакырганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чакырыкты Ибраимов бүгүн, 15-апрелде "Башкара-Суу" жана "Орто-Алыш" суу кампаларындагы абал менен таанышып жатып билдирди.
"Мен шаар тургундарын сууну үнөмдөөгө чакырам. Анткени "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы тарабынан сууну тазалоо арзанга турбайт", — деди мэр.
Эскерте кетсек, "Бишкексууканал" ишканасы тарабынан профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн шаарда жыл сайын май айында бир айга ысык суу өчүрүлөт.