БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкектин мэри бүгүн Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько менен жолукканын шаардык муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар Бишкек менен Москва шаарларынын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулап, достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү ойлору ортого салды.
Иш-чарага Москва шаарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жана Бишкектеги "Дом Москвы" маданий борборунун башкы директору Руслан Абдыгулов катышты.