БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүй проспектисинин Чолпон-Ата көчөсүнөн Лермонтовго чейинки тилкеси жолду оңдоо иштерине байланыштуу 15-апрелден тарта жабыла турганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Ауэзов көчөсүнөн Лермонтовго чейинки жол жабылды.
Аталган аймакта жолдор оңдолуп, тротуарлар салынат.