Оң рулдуу таксилер өлкөдө 2020-жылга чейин иштейт

Жазылуу
Буга чейин бир катар депутаттар айып пул каралбагандыктан, оң рулдуу таксилерге тыюу салууну жылдыруу керектигин сунушташкан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев оң рулдуу таксилерге тыюу салууну 2020-жылдын 1-январына чейин жылдыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Оң рулдуу машиналарды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, 2016-жылдын 1-январынын тарта күчүнө кирген.

Бирок бир катар депутаттар ИИМ тарабынан айып пул салуу ыкмасы иштелип чыкпагандыктан оң рулдуу таксилерге тыюу салууну жылдыруу керектигин сунушташкан. Мыйзам долбоору депутаттар тарабынан 3-мартта кабыл алынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0