БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Шылуунчулук боюнча издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эркинбек Миңбаев кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран жер тилкелери жана автоунаа менен бир катар шылуунчулук аракеттерге барган. Адамдардын ишенимине кирип, аларды алдап кеткенден кийин из суутуп кетип жүргөн.
Иликтөө учурунда кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени жана буга чейин соттолуп чыкканы аныкталды. Ал мындан бир нече ай мурун фамилиясын өзгөртүп алганы да билинди.
Учурда Миңбаев Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.