БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ордуна үч унаа берем деп бирөөнүн Mercedes-Benz G-Class машинасын алып сатып жиберген шылуун кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 5-февраль күнү болгон. Бишкектин тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш жаран Mercedes-Benz G-Class унаасынын ордуна бир апта ичинде Lexus LX 570, Lexus LX 470 жана Mazda Tribute машиналарын алып келип берем деген убадасын аткарбай жатканын айткан.
Мындан улам унаа ээсине 6 миллион сом зыян келтирилген. Ал эми шылуун аталган унааны башка бирөөлөргө сатып жибергени аныкталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкектин 26 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.