БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Алексей Федосеев WAKO-PRO версиясы боюнча К-1 бөлүмүндө кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону деген титулун коргоо үчүн мушташа турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчу өзү билдирди.
Кикбоксер аталган категорияда буга чейин да чемпион болгон. Учурда анын байге куржунунда WBKF, W5 жана WAKO-PRO версиясы боюнча дүйнө чемпиону деген үч титулу бар.
Федосеев титулду коргоо боюнча беттешүү үчүн келишимге кол койгонун маалымдады. Ага ылайык, беттеш быйыл 23-июнда Монакодо өтөт.
Кыргызстандык мушкерге француз Сальвадор Дилан атаандаш болот.
"Ал абдан күчтүү спортчу, бирок мен жеңишти гана көздөп турам", — деди Федосеев.
Беттешүү үч мүнөттүк беш раунддан турат.