БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектин троллейбустарында акысыз Wi-Fi иштей баштаганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, жеке компания №8, 10 жана 11-троллейбустарына зымсыз интернет орнотуп берген.
Мэрия бул аракетти коомдук унаага жасалуучу ири масштабдуу мониторингдин алдындагы алгачкы кадам деп эсептейт.
Роутерлер башка троллейбустарга коюлбайт.