БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бир жума ичинде Бишкекте болгон үч атышуунун бири-бири менен байланышы жок экенин шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Токтоналиев маалымат жыйында билдирди.
Ал өз сөзүндө 5-апрелде Шабдан Баатыр жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде болгон атышуудан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Асылбек Дүйшеев жаракат алганын белгиледи.
"Бул криминалдык аракеттер же бейбашчылык болушу мүмкүн деген версиялар бар. Кылмыш жаза кодексинин 28-97-беренелери (Адам өмүрүнө кол салуу) боюнча кылмыш иши козголду", — деди Токтоналиев.
Ал эми 6-апрелде борбор калаанын 3-кичи районунда атышуу болуп Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун (УКК) мүчөсү кармалган.
Анын айтымында, бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-340-беренелеринин негизинде ("Бийлик өкүлдөрүнө кол салуу") кылмыш иши козголду.
Ошондой эле орус ишкерине болгон кол салуу боюнча да кылмыш иши козголгон.
"Бул үч кылмыштын бири-бири менен байланышы жок", — деди Токтоналиев.
ШИИБден билдиришкендей, үч кылмыш иштин бети жакын арада ачылат.