БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өлкөнүн үчүнчү фигурасы болгон премьер-министр Темир Сариевдин айланасында чуу чыгып, бул анын отставкасына алып келди.
Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендер чырын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өткөн ишемби күнү премьер-министр Темир Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгаарын билдирген. Ал эми анын эртеси, жекшембиде өкмөт башчысы Сариев бул боюнча билдирүү жазып, Facebook баракчасына жайгаштырган.
Бул Кыргызстандагы чыр-чатактуу биринчи окуя эмес. Бир канча өкмөт башчылар ар кыл териштирүүлөргө, күнөөлөгөн сын-пикирге кабылып, басымдуу бөлүгү отставкага кеткен.
Sputnik Кыргызстан төмөндө мындай учурлар боюнча окуялардын топтомун сунуштайт.
Алтын аралашкан чыр
Аксы окуясы
Оппозициялык маанайдагы депутат Азимбек Бекназаров камакка алынган окуя ырбап отуруп, аксылык алты кишинин жана ачкачылык жарыялагандардын өмүрүн алган. Мындан кийин оппозициянын массалык түрдөгү нааразычылыктары айтылып, ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев ички иштер министри баштаган бир нече чиновниктер отставкага кеткен.
2005-жыл
Бакиевдин мураскору Николай Танаев 2005-жылы 24-марттагы окуядан кийин отставкага кетти. Окуядан бир нече күн өткөндөн кийин Пенза облусунун губернатору Василий Бочкарёв аны Пензага кайтып келүүнү сунуштаган. Танаевдин балалыгы аталган аймакта өткөн.
Таш-талканы чыккан тандем
Кол алдындагылар менен келише албай…
Кезектеги премьер Азим Исабеков бир нече министрлерди жылуу ордунан козгоого аракет кылды. Өкмөт башчынын мындай кадамына ичи чыкпаган президент айтпай-дебей туруп, 2007-жылдын 29-мартында Исабековду отставкага айдаган. Ошентип, Кыргызстандын тарыхында өкмөттүн тизгинин эки ай башкаргандар да жазылып калды.
2010-жыл
2010-жылдын 7-апрелиндеги баш аламандыктан кийин Курманбек Бакиев гана тактысынан жылмышпастан, ал дайындаган Данияр Үсөнөв да ээрден оогон.
Ат премьерди алып түшкөндө
Өкмөттүн кийинки эки башчысы Роза Отунбаева (техникалык өкмөттү жетектеген) менен Алмазбек Атамбаев чатагы жок тынч кетти. Роза Исаковна кызматын тапшырып, убактылуу бийликти жетектесе, ал эми Алмазбек Шаршенович жогорулап кетти.
Бирок, кийинки премьер Өмүрбек Бабанов бир катар ызы-чуунун ортосунда калды. Алгач, рейдерчилик, андан соң салык жашыргандык менен айыпталды. Муну менен катар эле ага MegaCom компаниясынын айланасындагы чырга катыштыгы бар делген чоң доо коюлду. Өкмөт башчыны "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары түркиялык компаниядан пара катары аргымак алган деп премьерлик ээрден шыпырып түштү. Буга башка фракциялар да каршы болгон эмес.
"Ата Мекен" өкмөттүн тизгинин колуна алганда
Кийинки өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев беркисинен өтүп, чоң чырдын ортосунан чыкты. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссия финансылык бир катар калпыстыктарды таап чыкты. Ага Дирекциянын ошол кездеги жетекчиси Сатыбалдиев айыпталды. "Ата Мекен" бул себептен парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыгып кетип, бул кайрадан министрлер кабинетинин отставкасына алып келди. Ошентип, "Ата Мекен" өкмөттү эки ирет таратты.
Азыркы премьер-министр Темир Сариевдин алдындагы Жоомарт Оторбаев өкмөт башчылык кызматты 2015-жылдын 23-мартында өз каалоосу менен тапшырып берди. Айтмакчы, бул сапар "Кумтөр" экинчи премьердин отставкага кетишине себепкер болду. Бул коомчулук менен депутаттар арасында ар кыл пикирлерди жараткан.