БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Индонезияда 30 күнгө чейин визасы жок жүрө алышат. Бул тууралуу КРдин Малайзиядагы элчилиги билдирди.
Мындай чечимди Индонезиянын өкмөтү 2016-жылдын 10-мартында кабыл алганы элчиликке атайы нота менен маалымдалган.
Индонезияга өзүнүн профессионалдык иштери менен барууну каалаган ЖМК өкүлдөрүнө визасыз режим иштебейт. Ошондой эле, мыйзамга ылайык, визасыз режимдин мөөнөтүн узартып, же аны башка визага алмаштырууга болбойт.
Индонезияга келген чет элдик жарандар бир гана эл аралык Сукарно-Хатта аэропорту аркылуу гана киргизилет.